Бүгүн, 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп жаткан убагы. Ар бир шайлоо участкасында шайлоо түрдүү маанайда жүрүп жаткан учуру.
Алсак, борбор калаадагы №1328 шайлоо участкасында сыртта санитардык нормаларга ылайык, эрежелер сакталып, шайлоочулар 1,5 метр аралыкты сактап катар тизилип турат. "Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей кылганбы, айтор ичинде жагдай башкача. Ичинде аралыкты сактоо эрежеси сакталбаганына күбө болдук.