"Иштейби мунуң өзү?". Президентти идентификация өткөрүүчү жабдык тааный алган жок дегенге БШКнын жообу (видео)

Социалдык тармактарга президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоого катышып жатканын чагылдырган видео тарады. Анда президент шайлоо участкасына келип, документтерди участкалык комиссиянын мүчөлөрүнө көрсөткөн. Текшерүү учурунда сканер Жээнбековдун манжа издерин тааный алган эмес, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкери президенттен бет кабын чечип, камерага сүрөткө тартуусун суранган, андан кийин система президентти аныктай алган.

Бул видео тууралуу БШКга байланышканыбызда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуя боюнча кабары жок экенин билдирди.

"Президенттин манжасын тааныбай койгондугу боюнча фактыдан кабардар эмесмин. Эгер мыйзамды айта турган болсок, мындай учур болсо бул учур мыйзамда конкреттүү каралган. Анда шайлоочунун бармак изи боюнча идентификация өтө албай турган болсо, бардык ыкмаларды жасайт.

Ал кандай ыкмалар деген болсоңуз, ар бир манжасы боюнча идентификация өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Анда да тааныбай жаткан болсо, шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочудан бет кабын чечип, сүрөткө түшүүнү суранат. Андан кийин гана жүзүнүн параметрлери боюнча ага идентификация жүргүзүлөт.

Ал эми жабдуу президентти тааныбай койгондугу боюнча так айта албайм. Болжолдоп айтканда, идентификация өткөрүүчү жабдык иштебей калышы, адамдын бармак издери так түшпөй калышы же болбосо бармак учтары тердеп же антисептик менен колдонгондо да кол нымдашып, мындан улам жабдуу жаранды тааныбай калышы мүмкүн", - деди Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан