"Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков добуш берди. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Асанбеков Бишкек шаарындагы №1315 шайлоо участкасында добуш берди.
Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага жалпы 16 саясий партия ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 10:00гө карата 236 миң 921 шайлоочу добуш берди.