Азыркы учурда коомдук тартипти сактоо боюнча Ички иштер министрлиги иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макиев брифингде билдирди.
"Саат 12:00гө карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 майда бейбаштык фактысы катталды. Бишкек шаарында катталган. Тиешелүү чаралар көрүлдү. Азыркы маалда майда бейбаштык боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. ИИМ тарабынан коомдук тартип камсыздалууда", - деди ал.