Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасында кезекте турган шайлоочулардын саны болжол менен 500дөн ашты.
Айрым шайлоочулар саат 08:00дөн бери кезекте турганын айтышса, айрымдары кээ бир шайлоочулар түртүп эле кирип жатканын айтып нааразы болушууда.
Аталган шайлоо участкасынын төрагасы Алмаз Мамытовдун айтымында, саат 11:50гө карата болжол менен 400дөн ашык шайлоочу добуш берди.