Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өтүп жатат. Шайлоо өнөктүгү бир ай бою жүрүп, ага жалпы 16 партия катышууда. Шайлоо ар кайсы шайлоо участкаларында башталып, ага партия лидерлери катышып, добуштарын беришти.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров эки уулун ээрчитип алып, Архитектура курулуш колледжиндеги №1211 шайлоо участкасына барып, шайлоого катышты. Бирок ал шайлоого катышып жатып, акыйкатсыз учурга күбө болгон. Бул тууралуу Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына билдирип, төмөнкүдөй нааразы пикирин айтты.
"Видеодо эмнеге нааразы болгонум боюнча баарын айттым. Ал жакта добуштун кагазын салуучу урнанын эки четине эки аялды коюп коюшуптур. Ал эми бери жакта квартальный аларды көзөмөлдөп, карап олтурат. Ар бир кишини киргизип, ар бирине белги берип, алар ошол жерде отурушат. Мыйзам боюнча добуш берип жаткан урнанын айланасында эч ким болбошу керек. Ал жерде бир эмес, эки адам турат.
Бул боюнча шайлоого чейин Кудайдын куттуу күнү ушул сыяктуу мыйзам бузуулар болбош керек деп какшап айтып жаттык. Бул учур кечээ дебатта баарына бирдей шарт түзүп бердик деп айтылган сөз кызылдай жалган экенин көрсөтүп койду. Эгерде бирдей шарт түзүлгөн болсо, ушул көрүнүш үчүн барып, ошол жерде жүгүрүп жүргөн квартальныйды, шайлоо комиссиясын дагы заматта кармап, мыйзамдын алдында жоопкерчиликке тартыш керек. Албетте, алар бул мыйзам бузуу үчүн эч кимди жоопко тартпайт", - деди Мадумаров.