Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.
Ага ылайык, Орусиянын Москва шаарындагы элчиликтин №9005 участкасында элдин узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
"Өзүңүздөр көрүп тургандай, кезек күткөндөр өтө эле көп. Бул жакта шайлоо таза өтүп жатат. Эгерде Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоонун баары эле бул жактагыдай өткөндө эң таза шайлоо өтмөк деп ойлойм. Мигранттар сатылбайт, алар акчага алданбайт, буга сал деген нерселер болбойт, мигранттар жүрөгүндөгү партияны тандайт", - деп билдирди Максым аттуу социалдык тармактын колдонуучусу.