БШКнын төрайымы: "Саат 12:00гө карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди"

Саат 12:00гө карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Жалпы 17,73 пайыз шайлоочу добуш берди. Бишкек шаарында 84 миң 106, Ош шаарында 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда 47 миң 971, Нарын облусунда 32 миң 260, Ош облусунда 120 миң 423, Талас облусунда 28 миң 130, Чүй облусунда 99 миң 13, Баткен облусунда 49 миң 610 шайлоочу добуш берди", - деди ал.

Чет өлкөлүк шайлоо участкаларынан маалымат күтүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан