Шайлоочулар 28 өлкөдө добуш берүүдө

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата Кыргыз өлкөсүнүн чегинен тышкары жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында 28 өлкөдө 45 шайлоо участкасы түзүлгөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөнүн чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз жарандары өз убагында добуш бере баштады. Шайлоо участкалары алгач Орусия Федерациясынын Иркутск, Сургут, Түштүк Сахалин, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда ачылды. Убакыт боюнча акыркы болуп шайлоо участкасы Вашингтон (АКШ) шаарында иштей баштайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан