Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Облуста саат 12:00гө карата 50 миң 632 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Баткен району 7 миң 124;
Баткен шаары 2 миң 378;
Кадамжай району 19 миң 454;
Кызыл-Кыя шаары 5 миң 905;
Лейлек району 13 миң 856;
Сүлүктү шаары 1 миң 915.
Баткен облусунда жалпы 284 миң 265 шайлоочу бар. Саат 12:00гө шайлоочулардын 17,8 пайызы шайлоого келди.