Бүгүн, 4-октябрда саясатчы Өмүрбек Текебаев үй-бүлөсү менен бирге өзүнүн шайлоо участкасына добуш берүүгө келген. Бирок ал шайлоо участкасына келгенде, паспортун үйүндө унутуп калганы белгилүү болду. Текебаев документ үчүн уулун үйүнө жиберген.
Бул тууралуу SUPER.KG порталы Өмүрбек Текебаев менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык. Айтымында, анын паспорту башка пиджагынын чөнтөгүндө калып калган.
"Эртең менен туруп балдарды ойготуп, баарыңар паспортту алдыңарбы деп текшерип жаткам. Антип текшерип жатып, кайра өзүм унутуп калыптырмын. Паспортум башка пиджагымдын чөнтөгүндө калып калыптыр. Азыр баары жакшы, балам документти алып келип, шайлоого катыштым", - деди Текебаев.
Белгилей кетсек, Текебаев 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум учурунда да паспортун унутуп койгон болчу.