Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө шайлоо бюллетендери салынуучу электрондук урнага 1 аял жана 1 киши кагаздарды дүңүнөн салып жаткан видеосу жүктөлдү.
Видео качан жана кайдан тартылганы, ал быйылкы 2020-жылдагы шайлоо учурубу же жокпу белгисиз. Анткен менен видеого ары-бери басып жүрүп түшүп калган жарандардын бет капчан жүргөндөрүнөн улам видео быйыл, эпидемиялык абал учурунда тартылганын баамдоого болот. Бул тууралуу БШКнын азырынча түшүндүрмөсү тарай элек.