Бүгүн, 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп жатат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров өзү туулуп, өскөн Базар-Коргон районунун Могол-Коргон айылындагы Белинский атындагы орто мектептен добуш берди.
Ал эми партиядан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов Бишкектеги №1137 участкасында добуш берди.
Ал өзүнүн жарандык милдетин аткарганын айтып, элди туура тандоо жасаганга чакырып, видеокайрылуу жасады.
"Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүн жалпы эл үчүн өтө жоопкерчиликтүү күн. 4-сентябрда башталган үгүт иштери аягына чыгып, бүгүн, 4-октябрда шайлоо өтүп жатат. Шайлоого бардыгыңыздар келип катышып, өзүңүздөр тандаган партияга добуш бериңиздер. Кыргызстандын келечеги сиздердин колуңуздарда", - деди ал.