Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү, 4-октябрдагы шайлоодо добушун бере албайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Мыйзамга ылайык, соттолгон жарандар шайлоого катыша албайт. Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттун чечими чыккан. Эгер тергөө иши жүрүп жатса, добушун бере алмак, бирок өкүм чыгарылгандан кийин Алмазбек Атамбаев добуш берүү укугунан ажырады", - дейт Жоошев.
Эске салсак, 2020-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун өкүмү чыгып, анда сот Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.