"Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев бүгүн саат 11:00дө Бишкек шаарынын онунчу кичи районундагы шайлоо участкасында жубайы жана эки баласы менен келип добуш берди.
"Баарыңыздар шайлоого катышып, өзүңүздөрдүн тандооңуздарды жасаңыздар. Күчтүү өкмөт, күчтүү парламент, кубаттуу Кыргыз өлкөсү болушу керек", - деди Акаев.
Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.