"Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов жана талапкер Сыймык Жапыкеев добуш берди

"Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов №3023 шайлоо участкасында добуш берди.

"Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чоң Сары-Ой айылыма келип добушумду бердим. Буюрса, татыктуулар өтөт деп туралы", - деп билдирди партия лидери Максат Мамытканов.

Ошондой эле аталган партиянын талапкери Сыймык Жапыкеев №1036 шайлоо участкасынан добуш берди. Ал шайлоого жубайы менен келди.

"Эми Кудай буюрса, ушул шайлоо таза өтөт деген үмүттөбүз. Шайлоону таза өткөрүү бийликтин биринчи вазыйпасы, бирок андай болбой жатат. Кудай буюрса, көрөбүз", - деп билдирди Сыймык Жапыкеев.

Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага жалпы 16 саясий партия ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан