БШКнын мүчөсү: "БШКга 48 даттануу арызы түштү"

Борбордук шайлоо комиссиясына 48 даттануу арызы түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров брифингде билдирди.

"БШКга жалпысынан 48 даттануу түштү. Алардын мазмуну ар кандай, системдүү эмес. Эки видео роликти көрдүм. Биринде шайлоо участкасында иш алып барып жаткан кызматкерлер аппаратка бюллетендерди салгандай болду деген видео тараган. Мындай кылуу мүмкүн эмес. Эки аялдын сүйлөшүп жаткан видеосу да тарады, анда кайсы партияга добуш берип, канча акча алганы айтылууда. Эч кандай мыйзамсыз жүрүш болбойт. Укук талаасында жүргүзөлү. Укуктук баа берилиши керек. Бул провокация да болушу мүмкүн", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан