Өлкөдөн тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларында жалпы 3 миң 585 Кыргыз жараны добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө карата Орусияда (Москва, Санкт-Петербург, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Иркутск, Сургут), Япония, Кытай Эл Республикасы (Пекин, Гуанчжоу), Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан (Асатан, Алматы) Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары (Абу-Даби, Дубай), Иран, Беларусь, Түркия (Анкара, Стамбул), Сауд Арабия, Катар, Кувейт, Украина, Германия (Берлин, Франфурт-на Майне, Бонн), Австрия, Италия, Франция жана Улуу Британияда шайлоо участкалары ачылганы маалымдалат.
"Аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүүгө консулдук каттоодо турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз жарандары катышып жатат. Шайлоо бекитилген тартипте, мыйзамга ылайык өтүүдө.
4-октябрь саат 14:00гө карата өлкөдөн тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларында жалпы 3 миң 585 адам добуш берди", - деп жазылат маалыматта.