Саат 14:00гө карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 3 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макиев брифингде билдирди.
"Анын ичинде бирөөсү майда бейбаштык боюнча Бишкекте, эки факты Жалал-Абадда катталды. Бири добуш сатып алуу, экинчиси шайлоого тоскоолдук кылуу фактысы. Ыкчам аракеттер жүрүп жатат", - деди ал.
Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.