"Ак кызмат" деп интернетке тараган сүрөт боюнча Ош шаардык мэриясы жооп берди

Оштогу №5325 шайлоо участкасында "Ак кызмат" деген коомдук бирикме экенин көрсөткөн бейжиктерди тагынган жарандар шайлоого көз салып турушат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Айтымдарында, алар көз салып турган жарандарга ким тарабынан коюлганы боюнча суроо салганда, алар Ош шаардык мэриясы тарабынан коюлганы тууралуу айтышкан.

Мындан улам SUPER.KG порталы Ош шаардык мэриясы менен байланышып, маалыматтын чын-бышыгын билүүгө аракет кылды. Мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсатаровдун айтымында, мекеме шайлоого байкоочу катары аралашкан эмес жана каралоо үчүн алар жооп бериши керек.

"100 пайыз ишеничтүү айта алам, бул "Ак кызмат" дегендин мэрияга кыпындай дагы тиешеси жок. Сүрөттөгү мөөр да алардыкы экени көрүнуп турат.

Биз мындай уюм, коомдук бирикмелердин кызмат көрсөтүүсүнө муктаж эмеспиз. Ош шаардык мэриясы шайлоого байкоочу катары аралашкан жок. Мындай негизсиз каралоо, жаман көрсөтүү үчүн алар жооп бериши керек", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан