БШКнын төрайымы: "Саат 14:00гө карата өлкө боюнча 990 миң 492 шайлоочу добуш берди"

Саат 14:00гө карата өлкө боюнча 990 миң 492 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Жалпы 28,11 пайыз шайлоочу добуш берди. Бишкек шаарында 136 миң 804, Ош шаарында 63 миң 415, Жалал-Абад облусунда 194 миң 447, Ысык-Көл облусунда 74 миң 5, Нарын облусунда 51 миң 77, Ош облусунда 194 миң 210, Талас облусунда 44 миң 486, Чүй облусунда 156 миң 996, Баткен облусунда 75 миң 82 шайлоочу добуш берди", - деди ал.

Чет өлкөлүк шайлоо участкаларынан маалымат күтүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан