"Чет өлкөдөгү участкалардан маалыматтарды күтүп жатабыз" деп бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Чет өлкөдө жалпы добуш берүү участкалар түнкү саат 03:00дө ачылып, акыркы 10 участкалар, анын ичинде 8и саат 12:00дө ачылды. Лондондо саат 13:00дө ачылса, Вашингтондо 18:00дө ачылат. Чет өлкөлөрдө шайлоо участкалары түнкү саат 03:00дөн ачылып, эртең саат 06:00гө чейин жүргүзүлөт", - деди Шайлдабекова.