Актёр Бектемир Мамаюсуповдун шайлоо участкасында шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып алганын чагылдырган видео тарады. Бул тууралуу SUPER.KG порталы актёр менен байланышып, окуянын кандай болгонун өз оозунан укту. Айтымында, ал бюллетенди сүрөткө акча үчүн эмес, жеке өзү үчүн тартып жаткан жана ал документти сүрөткө тартууга болбой тургандыгын билген эмес.
"Ооба, чын эле бюллетенди сүрөткө тарткам. Анткени мен аны сүрөткө тартууга болбой тургандыгын билген эмесмин. Бир сайт Мамаюсупов акча үчүн сүрөткө тартты деген сыяктуу маалыматтар менен паспортумду кошуп чыгарып жибериптир.
Негизи жеке паспортту чыгаруунун өзү да туура эмес да. Ызы-чуу салсам деле болмок, бирок майда иш деп маани берген жокмун. Сүрөткө мен өзүм үчүн эле тартып жаткам. Ага карабай, негизгиси өз жарандык парзымды аткарып, шайлоого катышып келдим", - деди Мамаюсупов.