Муфтий Максатбек Токтомушев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Жал кичи районунан добуш берди

Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө муфтий Максатбек Токтомушев Бишкек шаарындагы Жал кичи районунан добуш берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Муфтий жарандык милдетин Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында аткарды. Добуш берип чыккандан кийин Максатбек Токтомушев шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, эл-журтка амандык, биримдүүлүк каалады", - деп билдиришти муфтияттан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча саат 14:00гө карата 990 миң 492 шайлоочу добуш берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан