БШКнын төрайымы ата-энеси жашаган Люксембург айылында добуш берди

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылындагы №7139 шайлоо участкасында добуш берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анда Шайлдабекова дайыма өзү өскөн жана ата-энеси учурда жашап жаткан Люксембург айылында добуш берерин белгилеп өткөн.

"Мени кубандырганы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритмде көрсөтүлгөн иш-чаралардын баары жүргүзүлүп жатат. Эң кубанычтуусу, шайлоого келген жарандар социалдык аралыкты сактоо боюнча талапка түшүнүү менен мамиле жасап жатканы болду. Кезектин узун болгонуна карабастан жарандар токтоолук менен өз кезегин күтүп жатты", - деген БШКнын төрайымы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан