"Бири бюллетенди тытып салса, дагы бири акча сунуп, сүрөткө тарткандар да бар"... Шайлоо маалындагы эреже бузуулар (видео)

Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүүдө. Бул күнү айрым шайлоо участкаларында мыйзам, эреже бузуулар орун алып жатканы интернет колдонуучулар тарабынан маалымдалууда.

Окурмандар тарабынан интернетке жарыяланган видеолордон шайлоочулар бюллетенди телефонунун камерасына тартып алганын көрүүгө болот. Бюллетендерди сүрөткө тартып алуу эреже бузууга кирет. Төмөндө окурмандардан келген видеолорду сунуштайбыз.

Бул жаран кайсы партияга добуш бергенин сүрөткө тартып алган. Байкоочулар ага эреже бузуп жатканын айтканда, бюллетенди тытып салды.

Мында белгисиз аялдын мекеменин артынан жарандарга акча берип жатканын көрүүгө болот.

Шайлоо участкаларынын бириндеги көрүнүш. Анда добуш берген айым бюллетенди сүрөткө тартып алганын байкоочулар көрүп калышкан.

Ал эми бул бийкеч кайсы партияга добуш бергенин сүрөткө тартып алганын, аны курбусуна көрсөтөрүн айтат. Айтымында, ал бюллетенди сүрөткө тартып алуу эреже бузууга кирерин билген эмес.

Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартса эмне болорун шилтемеге өтүү менен окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан