Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Кыргыз өлкөсүнөн тышкары чет жерде дагы шайлоо участкалары ачылып, сыртта жүргөн мекендештерибизге добуш берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Учурда Орусиядагы шайлоо участкалардын биринде добуш берип чыккан мекендешибиз Айнагүл Сатыбалдиева SUPER.KG порталына шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып берди.
"Кезек аябай көп, бул жактагы мекендештер жумуштарына, кээ бирлери эс алуу күнүнө карабай 2 саат күтүп, кезеги жеткенде шайлоого кирип жатышат. Мен Москва шаарында №9005 участкасында добушумду берип чыктым. Милиция кызматкерлери баш болгон ыктыярчылар тартипти көзөмөлдөп жатышат. Добуш берүүдө биз үчүн кыйынчылыктар деле жаралган жок. Айымдарга кезек берип, биринчилерден киргизип жатты", - деди Москвада жүргөн мекендешибиз Айнагүл Сатыбалдиева.