Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырууда.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, 2 миң 39 шайлоо участкаларынан жыйынтыктар келди. 1 миллион 604 миң 562 шайлоочу катышты", - дейт ал. Добуш берүүнүн жыйынтыктары улам-улам жаңыланып турат. Саат 20:30а карата көрсөткүч төмөнкүчө:
№1 "Биримдик" 23,63 %
№2 "Мекенчил" 6,9%
№3 "Ыйман Нуру" 2,38%
№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,96%
№5 "Реформа" 1,55%
№6 "Ата Мекен" 4,02%
№7 "Замандаш" 2,13%
№8 "Бүтүн Кыргызстан" 6,97 %
№9 "Социал-Демократ" 2,07%
№10 "Мекен Ынтымагы" 0,66%
№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 0,17%
№12 "Ордо" 0,23%
№13 "Бир Бол" 2,88%
№14 "Республика" 5, 87%
№15 "Кыргызстан" 10,42%
№16 "Чоң Казат" 2,31%
№17 Баарына каршы 1,63%