"Бир апта мурун көзү өтүп кеткен жарандын атынан добуш берилгенби?". БШКнын жообу

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өтүүдө.
Шайлоо участкалары таң эрте саат 08:00дө ачылып, иштеп баштады. Бул күнү айрым шайлоо участкаларында мыйзам жана эреже бузуулар орун алып жатканы интернет колдонуучулар тарабынан маалымдалууда.
Арасында Aiym Baky аттуу колдонуучу Бишкек шаарындагы №1041 шайлоо участкасына барган кошунасы анын жолдошу добуш бергендердин тизмесинде экенине күбө болгон.
"Кошунамдын жолдошу бир апта мурун каза болгон. Бул боюнча квартальный комитет кайрылууга сунуш кылышыптыр. Ошондо квартальный көзү өтүп кеткен адамдын добушун саткан болуп калабы?", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул боюнча БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.
"Аталган участкадагы факты текшерилди. Ал жакта аталган жарандын өтүп кеткен жолдошунун атынан добуш берилбегени аныкталды. Жаран маркумдун атын жалпы шайлоочулардын тизмесинен көрүп калса керек", - дейт Журабаева.
Мындан тышкары БШКнын мүчөсүнө "сен үчүн бирөө добуш берип койбогонун кантип тактаса болот?" деген суроо узаттык.
"Шайлоого катышып, добуш берген бардык жарандардын аты-жөнү 3 күндөн соң илинет", - деп жооп берди Гүлнара Журабаева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TUMANaka
2020-10-04 18:03:19
Койгулачы, кантип 3күн кетсин ошого
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан