"Кезек күткөндөр азайды". №1317 участкасында бардык санитардык талаптар аткарылууда

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Ага ылайык, №1317 участкасында бардык санитардык талаптар аткарылып жатат.

Шайлоого ушу менен бир күндө үч жолу келдим деген Бишкек шаарынын тургуну Азамат Ашырбаев шайлоо тууралуу буларга токтолду.

"Эртең менен эрте келсем кезек өтө узак экен. Андан кийин түштө дагы 11лерде келдим, анда деле кезек күткөндөрдүн аягы үзүлө элек экен. Азыр мына кечке маал келип, жубайым менен добуш берип чыктык. Мен бул участканын уюштуруу иштерине ыраазы эле болдум. Аралыкты сактап, колду дезинфекция кылып, кол кап жана бет каптар менен ызы-чуу болбой кезеги менен кирип жаттык. Тынч эле болуп жатат, мен ойлойм бул жакта таза шайлоо болуп жатат деп, эч кандай күмөн санай турган фактыларды көргөн жокмун", - деп билдирди Азамат Ашырбаев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан