"Түркияда шайлоо участкасына боорсок коюлуп, майрамдагыдай өтүп жатат" дейт мекендешибиз

Бүгүн, 4-октябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Чет жерде жүргөн жарандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү каралып, консулдуктарда шайлоо участкалары ачылган. Түркиядагы №9035 шайлоо участкасында өтүп жаткан шайлоо тууралуу мекендешибиз Айдай Кыдышова SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулдугунда шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө келгендердин аягы суюла элек. Бардыгы бет капчан, социалдык аралыкты сактоо үчүн кезеги менен кирип жатышат. Ал эми консулдуктун кире беришинде келгендерге боорсок коюлуптур", - деди мекендешибиз Айдай Кыдышова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан