Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарындагы №88 мектептен добуш берди. Добуш берүүдөн кийин ал шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого үндөдү.
"Элибизге кааларым ушул шайлоо акыйкат, ачык болсун, эч ким мажбурлабаган же добушун сатпаган таза шайлоо болсун. Урнага барганда эч ким көзөмөлдөбөйт. Өздөрүнүн ниети, жүрөгү менен Кыргыз өлкөсүнүн келечегин тандап, бакубаттуулугун тандап берсин. Кыргыз жергебизде дайыма жакшылыктар болсун. Мекенибиз алдыга жылсын", - деди Жээнчороев.