Өлкө башчы добуш берген шайлоо тилкесиндеги байкоочу: "Президенттин колу муздак болуп, бармагын басканда жеке маалыматы дароо чыкпай калды"

Социалдык тармактарга президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоого катышып жатканын чагылдырган видео тарады. Анда президент шайлоо участкасына келип, документтерди участкалык комиссиянын мүчөлөрүнө көрсөткөн. Текшерүү учурунда сканер Жээнбековдун манжа издерин тааный алган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкери президенттен бет кабын чечип, камерага сүрөткө тартуусун суранган, андан кийин система президентти аныктай алган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы мамлекет башчы добушун берген №5 мектеп-гимназиясында түзүлгөн №1327 шайлоо участкасындагы байкоочу менен баарлашты.

Эмне себептен өлкө башчы сканерге бармагын койгондо жеке маалыматтары дароо чыккан жок. Күбө катары окуя тууралуу айтып берсеңиз?

"Президент келген маалда пресса көп болуп биздин алдыбызды тосуп калды. Ошентсе да бардык эле байкоочулар эмне болуп жатканын байкадык. Жеке маалыматтын дароо чыкпаганын, жеке баамымда президенттин колу муздак болуп калды окшойт деп ойлодум. Ошон үчүн алгачкы жолудан жеке маалымат чыккан жок. Азыр деле ошондой фактылар катталып жатат. Кийин бир эки секунд аралыгында кайра бармакты койгондо жеке маалымат чыгып жатат".

Урнага байланыштуу окуяны айтып берсеңиз? Ошол автоматтык эсептөөчү урна дагы деле колдонулуп жатабы?

"Ооба, андай учур дагы болду. Жок, урна алмашылган жок. Бирок өзүмдүн жеке баамымда өлкө башчы жөн гана сүрдөп кетти. Ошончо адам карап жатса, пресса тартып жатса сүрдөйт да. Себеби, бюллетенди өз нугу менен салса эле ал өзү эле кирип кетип жатат. Учурда ошол эле урна, ошол эле бюллетендер менен иштеп жатышат. Баары жакшы эле кетип жатат", - дейт байкоочу.

Шайлоо участкаларда социалдык аралык сакталуудабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-10-04 19:31:43
Эн сонун жооп бериптир эжекебиз.
0
tatynam_88
2020-10-05 03:48:54
Секрет...чшшш.сканерге тонуп анан баогыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан