Бишкек шаарындагы №1224 шайлоо участкасында шайлоочулардын саны азайды (фото)
Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарындагы №1 интернат гимназиясында жайгашкан №1224 шайлоо участкасында эч кандай мыйзам бузуу катталган жок жана шайлоо тынч өтүп жатат.
Тартип сакчыларынын айтымында, саат 17:20га карата жалпы 500дөй шайлоочу аталган шайлоо участкасына келип добуш берип кетишти.
"Саат 08:00дөн бери эле шайлоо тынч өтүп жатат. Шайлоочулар санитардык эрежелерди туура сактап, өз добуштарын берип кетип жатышат. Саат 17:20га карата 500дөй шайлоочу добуш берди", - деп билдиришти тартип сакчылары.
Учурда аталган шайлоо участкасында добуш берүүчүлөрдүн саны эртең мененкиге салыштырмалуу азайып калды.
Автор: Гүлдана Мамадали кызыФото: Гүлдана Мамадали кызы