БШКга саат 17:00гө карата 79 даттануу арызы түштү, дагы деле түшүп жатат. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Алардын мазмуну уюштуруу маселеси, сатып алуулар болду. №1041 шайлоо участкасында каза болгон киши добуш берди деген маалымат тарады, аны тактоо максатында иш-аракеттер жүргүзүлдү. Бул факты тастыкталган жок. УКМК тарабынан дагы текшерүү жүргүзүлдү", - деди ал.