Саат 17:00гө карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макиев брифингде билдирди.
"Анын ичинен Бишкекте 3, Жалал-Абадда 5, Ошто 3, Чүйдө 4 факты катталды. Добуш сатып алуу боюнча 6, шайлоого тоскоолдук боюнча 3, майда бейбаштык боюнча 6 факты катталды. ИИМде маалыматтарды каттоо журналдары бар, ал жерге 53 маалымат катталды. Маалыматтар текшерилип жатат", - деди ал.