"Текебаевдин колундагы көз айнектин футляры" дейт журналист Динар Турдугулова

Бүгүн, 4-октябрда саясатчы Өмүрбек Текебаев шайлоо учурунда бюллетенди сүрөткө тарткан деген маалымат тараган. Ал эми бул боюнча журналист Динар Турдугулова SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, бул жөн гана Текебаевди каралоо. Шайлоо учурунда анын колунда телефон эмес, көз айнектин футляры болгон.

"Текебаев бюллетенди сүрөткө тартып жатат" деген күлкү келээрлик маалымат таратып жатышат. Шайлоо өтүп жаткан күнү да Текебаевди жамандап калыш керек. Биринчиден, мыйзамдын атасы мыйзам бузбайт. Экинчиден, Текебаевге бюллетенди тартып алуунун эч кандай кажети жок. Логика кайда? Текебаев аны тартып алып, кимге көргөзөт?!", - деди Турдугулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан