БШКнын мүчөсү: "20 күндүн ичинде ИИМ тарабынан эреже бузуу боюнча маалымат берилсе, талапкерди каттоодон баш тартууга мүмкүнчүлүк болот"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров жана ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макиев маалымат жыйын берди.

Аларга "Эреже бузуу боюнча социалдык тармактарда аябай көп видео, сүрөттөр тарап жатат. Шайлоонун легитимдүүлүгүн таануу үчүн анын баарын бүгүн карап чыкканга үлгүрөсүңөрбү? Же кийин ал фактыларга жараша жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген суроо суроо берилди.

Шайназаров: "Конституциялык мыйзамга таянсак, БШК бүгүн шайлоо бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде партия болобу же талапкерлер болобу алардын кыймылында мыйзам бузуу болсо, ИИМ тарабынан тиешелүү маалымат берилсе, талапкерди каттоодон баш тартууга мүмкүнчүлүк болот", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан