БШКнын төрайымынын орун басары: "Шайлоо тилкелеринде кезек күтүүгө бир канча кошумча процедуралар себеп болду"

Шайлоо тилкелеринде кезек күтүүгө бир канча кошумча процедуралар себеп болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Карап көрсөк, бардык шайлоолорду уюштурганда кезек күтүүлөр болгон. Биз 4-октябрда дайындалган шайлоонун жүрүшүндө жөнөкөй эмес, кырдаалды өткөрүп жатканыбызды эске алсак, бул менин оюмча, одоно бузуу эмес. Тескерисинче, биздин жарандар жарандык милдеттерин так аткарып, аралыкты сактап кезектерин күтүштү. Мен бир канча шайлоо тилкелерин кыдырып чыктым. Шайлоо тилкелеринде кезек күтүүгө бир канча кошумча процедуралар себеп болду. Анча-мынча кезек күтүү болду. Ыңгайсыздыктарды жарандар түшүнүү менен кабыл алды", - дейт Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан