Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макиев брифингде билдирди.
"Анын ичинде кылмыштар боюнча 14 факты, жоруктар боюнча 7 факты катталды. Добуш сатып алуу боюнча 11 факты, калгандары шайлоого тоскоолдук кылуу жана майда бейбаштык фактылары. 74 маалымат катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деди ал.