"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй районунда добуш берди

“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй районунун Кошой айылында жайгашкан №7044 шайлоо участкасында добуш берди.

Добуш берип чыккандан кийин ал шайлоонун жүрүшү тууралуу пикирин билдирди.

“Өлкө боюнча жашыруун добуш берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Шайлоо тынч өтүүдө. Эл шайлаган партия жеңишке жетиши керек. Шайлоочулар туура тандоо жасап, мамлекетибиздин келечеги үчүн добуш беришти деп ойлойм”, - деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан