Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө саат 20:00дөн баштап шайлоо участкалары жабылды.
"Саат 20:00гө чейин участкага кирип, бирок добуш берүүгө үлгүрбөй калгандар дагы деле добуш бере алышат", - деп билдиришти БШКдан.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы саат 22:00дө жарыяланарын билдирген.