БШКнын мүчөсү Москва шаарындагы шайлоо тилкелеринде жалпы 9 миң 30 шайлоочу катталганын айтты.
"Москва шаарында үч шайлоо участкасы иштеп жатат. Ал жерлердр 50гө жакын ыктыярчы иштеп жатат. Мындан тышкары Русгвардия дагы жардам берүүдө. Бул жакта шайлоочулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Орусияда биринчи жолу десем адашпасам керек.
Кечке чейин дагы келишет болуш керек. Бүгүнкү шайлоодо бир аз мүчүлүштүктөр болуп жатат. Алсак, форма-2 боюнча арыз даттануулар болуп жатат. Бул боюнча биз, жумушчу топ арыздарды кабыл алып жатабыз. Бирок арыздар аз санда гана. Москва шаарында шайлоочулардын саны көп болуп жардам катары БШКнын 2 өкүлү, ТИМдин 3 өкүлү, Мамлекеттик каттоо кызматынын 3 өкүлү мобилдик топ катары келгенбиз", - деди Акылбек Эшимов.
Буга чейин Москва шаарында жашаган Айнагүл Сатыбалдиева аттуу мекендешибиз Москва шаарындагы шайлоо тилкелеринде кезек күткөндөрдүн саны көп болгондуктан, адамдар 2 саат күтүп добуш берип кетип жаткандарын айтып берген.