Шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулду. Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала алынган маалыматтар.
Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554. Учурда саат 20:16га карата 55, 68 пайыз шайлоочу добуш берген. Добуш бергендердин саны жана партиялардын алган добуштары улам жаңыланууда. Саат 20:16га карата экранга чыккан көрсөткүч. Эске салсак, автоматтык эсептөөчү урналардын эсеби расмий деп саналбайт.
"Биримдик" — 21,19%
"Мекенчил" — 6,93%
"Ыйман Нуру" — 3,36%
"Мекеним Кыргызстан" — 22,96%
"Реформа" — 1,35%
"Ата Мекен" — 4,32%
"Замандаш" — 2,88%
"Бүтүн Кыргызстан" — 7, 18%
"Социал-демократтар" — 1,88%
"Мекен ынтымагы" — 0,68%
"Афганистан согушунун жана башка ушул сыяктуу кагышуулардын ардагерлеринин саясий партиясы" — 0,17%
"Ордо" — 0,2%
"Бир Бол" — 2,83%
"Республика" — 6, 04%
"Кыргызстан" — 10, 42%
"Чоң Казат" — 2,22%
"Баарына каршы" — 1,57%