Кара-Кулжа районунун жыйынтыктоочу отчётунун дүмүрчөктөрү социалдык тармактарга тарады. Анда Кара-Кулжа районундагы №5011 шайлоо участкасындагы эл бир гана "Биримдик" партиясына добуш беришкен. Интернетке тараган дүмүрчөктө калган партиялар эч кандай добуш албаганы көрүнөт.
Аталган шайлоо участкасына 2 миң 412 киши катталган боло, андан 1 миң 486 жаран "Биримдик" партиясына добуш берген.