Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясы Казакстанда өтчү жыйынга катышат
Министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясы
26-27-сентябрда Казакстандын Алматы облусунда өтүүчү ӨКМнын биргелешкен үчүнчү коллегиялык жыйынга катышат. Жыйында 2012-жылы
өткөрүлгөн коллегиялык жыйындардын жыйынтыгы чыгарылып, чек арадагы табигый жана
техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда биргелешип иш алып баруу жана
тажрыйба бөлүшүү маселелери каралат. Мындан сырткары катышуучулар Кыргызстан
менен Казакстандагы ӨКМнын психологдорунун өз ара иш алып баруусун талкуулашат.