SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кылымбек Мырзагулов аттуу жаран кайрылды. Ал "Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы консулдугунун кызматы жүрөк өйүтөт" деп өзү күбө болгон окуяны баяндап, кат жиберген.
"Кыргыз өлкөсүнөн балдарыма паспорт алып, Орусияга балдарымды алып келиш үчүн келгем. Анда нотариалдык келишим жөнөтүш керек болуп, Москва шаарындагы консулубузга бардым . Орусиянын нотариустарынан жасаш үчүн ар бир документтин котормосу керек, ошондуктан көп чыгым кылбайын деп консулубузга бардым. Эртең менен саат 09:05те барсам, 100гө жакын адам бар экен. Көпчүлүгүнүн паспортунун мөөнөттөрү бүтүп баргандар. Паспорт 45 күндө бүтөт экен, анын баасы 5 миң рубль.
Кечээ жазылып кеткен адамдар бүгүн да кезекте турат. Кайран кыргыз элим жаш балдары менен барган жарандарыбыз да көп. Эл көптүгүнөн узун кезек жана тыгын орун алган.
Нотариалдык бөлүмдө эч ким жок, дароо эле кирдим, документтерди тапшырып, терминалга акча төктүм. Ушул жерде элдин үстүнөн булар бизнес жасап жатабы деген ой келет экен. 1 паспорт 5000 рубль,1 ишеним кат 3 миң 852 рубль. Эмне үчүн паспорт 5000 рубль жана 45 күн күтөсүң, эмнеге жеңилдик жок?
Элчиликтин өз баасыбы же сол чөнтөк барбы? Акча төлөгөн терминал өзү күмөн жаратат. Комиссиясы олчойгон коммерциялык банкка таандык. Эгер мамлекет тарабынан коюлган элчиликтин өз баасы болсо, бул өтө кымбат. Мен билген паспорт менен нотариус гана, дагы толгон-токой жумуш менен барып жатышат. Ал жумуштардын да баасы асман чапчыса керек", - деп билдирди жаран.
Бул боюнча SUPER.KG экинчи тараптын да жообун угуп жарыялоого аракет кылат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.