Депутат Кубанычбек Жумалиев мүлктөрүнө тинтүү жүргүзүлгөндүгү боюнча комментарий берди

Депутат Кубанычбек Жумалиев мүлктөрүнө тинтүү жүргүзүлгөнү боюнча комментарий берди.

"Сыймык Жапыкеев кухнясында отуруп алып, элге калп айтуу менен, кечээ келип мага тиешелүү эмес, менин эжемдердин, туугандарымдын мүлктөрүнө кийлигишип, беткапчан, мылтыкчан барышыптыр. Алар эмне террорист беле? Бул жерде Жапыкеев түздөн-түз кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамсыз иштерге барып жатат. Жапыкеевди сотко берем. Жактоочуларым арызды даярдап жатышат. Бүгүн, эртең сотко кайрылабыз. Мен эч кандай мыйзамсыз байыган эмесмин. Мен илимпоз, билимдүү адам катары эч качан коррупциялык иштерге барган эмесмин", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан