КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын окутуучулары прокурорлорго сабак өтүшүүдө

КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы (КР ПМБА) прокурорлор үчүн семинар уюштуруп берди. Семинар “Көзөмөлдөөчү органдардын ишинин психологиялык аспекттери” деген темада өтүлүп, прокуратуранын кызматкерлерине аталган академиянын окутуучулары сабак беришүүдө. Прокурорлор иш тажрыйбасында түрдүү кылмышкерлер менен иштешет. Мыйзам бузгандардын арасында мыйзам сакчыларына басым жасоо аракеттери болот. Жогорудагы семинар мына ошондой кырдаалдарга прокурорлорду аз да болсо даярдап, эмоционалдык жактан бекем болуусуна шарт түзүү максатын көздөйт. Мындан сырткары прокурорлорго функционалдык анализ боюнча сабактар өтүлүп, буга чейинки тажрыйбалар талданууда. Анан, албетте, семинарда коррупция темасы да унутулган жок. Кечээ башталган семинар бүгүн аяктаарын КР ПМБАнын басма сөз катчысы Татьяна Орлова билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан