Бүгүн, 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 14:30га белгиленген Жогорку Лигадагы "Достук" - "Жаш Күч" беттеши 4:0 эсебинде "Достук" командасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен "Достук" командасы финалда Таластын айтылуу "Ынтымак" командасы менен беттешет. Финалдык оюн 8-ноябрда өтөт.
Бул оюн менен турнирдин төрт күндүк оюндары жыйынтыкталды.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.